super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: Авиация жана космонавтиканын бүткүл дүйнөлүк күнү

 

Юрий Гагариндин 1961-жылдын 12-апрелинде адамзат тарыхында биринчи жолу космоско учушуна байланыштуу бул күн, Авиация жана космонавтиканын бүткүл дүйнөлүк майрамы катары белгиленип калган.

Юрий Гагарин "Восток" космос кораблинде биринчи жолу жер шаарын айлана учуу менен башкарып учуучу космос дооруна чыйыр салган. Ю.А.Гагарин башкарган "Восток" космос корабли "Байконур" космодромунан учуп, космонавт космос мейкиндигинде 108 мүнөт өткөргөн. СССР Жогорку Кеңешинин 1962-жылдын 9-апрель күнкү жарлыгына жараша 12-апрель Авиация жана космонавтика күнү катары кабыл алынган. Ал эми 1968-жылы Эл аралык авиация федерациясынын конференциясында эл аралык макамына ээ болгон.
2011-жылдын 7-апрелинде БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Орусиянын демилгеси менен "Адамдын космоско учуп чыккан эл аралык күнү" деген аталышка да ээ болгон.
12-апрелдин жылнаамасы


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: