Саясатчы, өткөн президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабановдун алдыда өлкөгө кайта тургандыгына байланыштуу анын иниси Жаныбек Мырзабаевди Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы күбө катары 5 саат суракка алды. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдап, ал 11-апрель күнү сурак бергенин айтты.
Анын айтымында, Мырзабаевге күбө катары сурак берүүгө чакыруу 10-апрелде саат 14:00дө Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө келүү үчүн учакка билет сатып алганын маалымдагандан кийин келген.
"Сурак саат 15:30да башталып, саат 20:30да аяктады. Анын жүрүшүндө ага каршы 2 кылмыш иши бар экенин айтышты, дагы башка эмнелер тууралуу сөз болгонун толук айтып бере албайм. Анткени аны ачыктабоо боюнча тил кат жазып бердим", - деген ал.
Ошондой эле ал аны аталган кызматка 12-апрель күнү да саат 15:00гө күбө катары чакырышканын айткан. Бул сурак анын агасы Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайта тургандыгына карата жасалып жаткан басым болушу мүмкүн экенин белгилеген.
Бабанов Кыргыз өлкөсүнө 13-апрелде саат 14:50дө учуп келет. Аны Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунан бир топ тарапташтары тосуп алат. Мындан тышкары анын келишине байланыштуу Бишкек, Талас, Нарын жана Каракол шаарларында аны колдогондор чогулары маалымдалууда.