super.kg logo

Карганбаев: "Өмүрбек Бабановду өлкөгө келтирбөө аракеттери болууда"

 

Бүгүн, 12-апрелде Өмүрбек Бабановдун өкүлү Ислам Карганбаев маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал "Кыргызстан" коммерциялык банкынын рейдерлик жол менен басылып алынганы тууралуу маселелер Өмүрбек Бабановду каралоо, аны өлкөгө кайра келтирбөө аракеттеринин бири деп эсептейт.

"Өмүрбек Токтогуловичтин келерине аз калганда күч органдары жандана баштады. Мисалы, Бабановдун туугандары суракка чакыртылды. Бүгүн атайын маалымат жыйын өткөрүп, "2008-жылы Бабанов "Кыргызстан" банкынын рейдерлик жол менен басып алган" деген маалыматтарды айтышууда. 2006-жылы Өмүрбек Бабанов "Кыргызстан" банкынын 30 пайыз акциясын 2,5 миллион долларга сатып алган. Кийин 2008-жылы дагы 60 пайызын акционерлерден сатып алган. Ошону менен банктын 90 пайыз акциясына ээ. Калган 10 пайызы башка акционерлерде", - деди Карганбаев.

Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Өмүрбек Бабановдун жээни Жаныбек Мырзабаевди 5 саат суракка алган. "Бирок ал "сурак учурундагы сүйлөшүүлөр сыртка чыкпайт" деп тил кат жазып бергендиктен эмне жөнүндө сөз болгону белгисиз", - деди Бабановдун өкүлү.

Эртең, 13-апрелде Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келери күтүлүүдө.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: