super.kg logo

Чүйдө 75 жаштагы карыянын өлүмүнө 18 жаштагы кыз шектелүүдө. Ал маркумдун небереси болгон

 
Маркумдун 18 жаштагы небереси.
Шектүүлөрдүн экинчиси, маркумдун небереси менен чогуу жашаган жаран.

Чүйдүн Аламүдүн районунда 75 жаштагы карыянын өлүмүнө 18 жаштагы небереси жана аны менен чогуу жашаган 17 жаштагы бала шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 11-апрель күнү саат 19:20 чамасында күч колдонулуп каза болгон улгайган кишинин жансыз денеси табылганы маалымдалган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, каза болгон жаран Лебединовка айылынын тургуну 75 жаштагы А.П. экенин аныкташкан. Ал көп жылдан бери аталган айылдагы үйүндө жалгыз жашап жүргөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 130-берененин (адам өлтүрүү) негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.

"Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары каза болгон карыянын 18 жаштагы небереси М.К. аттуу кыз жана аны менен чогуу жашаган 17 жаштагы Ч.Я. аттуу жаран кармалды. Учурда шектүүлөр Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алгачкы сурак учурунда кармалгандар карыянын үйүнөн бир нерсе уурдап бара жатышкан. Муну байкап калган маркум аларга каршылык көрсөткөндүктөн ага бычак сайган. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертизалар дайындалып тергөө иши башталды", - деп айтылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.04.2019. 17:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
180
Катталган:
02-08-2018
Соӊку аракети:
26-04-2019 14:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын мындай нерседен баарыбызды
16.04.2019. 05:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
26-04-2019 04:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбиясыздар Кудай жазаласын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125708;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: