super.kg logo
  Саясат  

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков: "Бабанов саясий куугунтуктун курмандыгы болду дегенден алысмын"

 

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон. Бабанов социалдык түйүндөгү баракчасына 13-апрелде саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип коно турганын жарыялаган. Ал күнү экс-депутат өлкөгө келбей калганын жарыялады. "Бүгүнкү күнү мени тосуу үчүн уюштурулган тынчтык митингинде үчүнчү күчтөр даярданып жатканын штабдан айтышты", - деди Бабанов.

SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Бабановго байланыштуу соңку окуялар, ага карата козголгон иштер саясий куугунтук экенине далил боло алабы?" деген соболуна саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков жооп берди.

Ал Бабанов анын келишин үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпесин деп келбегенин билдирди. "Кандайдыр бир нерселерди божомолдоп айтуу кыйын. Бабанов кайрылуусунда анын келгенин үчүнчү күчтөр пайдаланып, чыр чыгып, эл журттун арасында туруктуулук бузулбасын деген ой менен Кыргыз өлкөсүнө кайтпаганын белгиледи. Ички иштер министрлиги дагы үчүнчү күчтөр провокация жасайт дегендей маалыматтар бар экенин билдирди. Бабановдун кайрылуусунда мамлекеттик күчтөр же башкалар анын кайтып келүүсүнө каршы болуп жатканы боюнча эч нерсе айткан жок. Ошондуктан саясий куугунтук болду дегенден алысмын. Бабанов провокация болуп анын колдоочулары, тарапташтары зыян тартып калышын каалаган жок. Ал киши тосуп алуу митингдерди уюштурбай, жөн жай эле Кыргыз мамлекетине келип калат го деп ойлоп жатам. Бабанов келгенде укук коргоо органдарынын суроолору болсо жооп бергенге даяр экенин айтты. Менимче, Бабановду Текебаев, Жапаровдой кылып камап салганга мүмкүнчүлүк, шарт дагы жок. Учурда кырдаал андай эмес", - дейт Жоробеков.

Депутат Жанар Акаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясий эксперт Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: