super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "Бабановдун Кыргыз мамлекетине кайтып келишин бийлик каалаган жок"

 

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон. Бабанов социалдык түйүндөгү баракчасына 13-апрелде саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип коно турганын жарыялаган. Ал күнү экс-депутат өлкөгө келбей калганын жарыялады. "Бүгүнкү күнү мени тосуу үчүн уюштурулган тынчтык митингинде үчүнчү күчтөр даярданып жатканын штабдан айтышты", - деди Бабанов.

SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Бабановго байланыштуу соңку окуялар, ага карата козголгон иштер саясий куугунтук экенине далил боло алабы?" деген соболуна коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жоопберди.

Ал Бабановго козголгон кылмыш иштеринин курамында кылмыштын белгилери жок деген пикирде. "Бабановго козголгон кылмыш иштер жасалма. Аны кылмыш жоопкерчиликке тартууга негиз жок. УКМК өкүлдөрү бул ишти жабыш керек. Бирок алар эмнегедир жооп бербей жатат. Ага козголгон кылмыш иши негиздүү болсо Бабановду Интерполго берип, издөө жарыяланышы керек. Бабановдун Кыргыз мамлекетине кайтып келишин бийлик каалаган жок. Президент Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда кээ бир адамдар жеке маселесин элди чогултуп алып чечим чыгарам десе терең жаңылышат дегендей оюн айткан. Мындан кийин Бабановдун Кыргыз мамлекетиндеги кырдаалды, күтүлбөгөн окуялар болуп кетишин эске алып келбегени туура эле болду.

Бабановдун Кыргыз мамлекетиндеги жактоочулары иштебей жатат. Мен алардын өз пикирлерин коомчулукка билдирбей жатканын түшүнбөй жатам. Алар Бабановго козголгон кылмыш иштерди негизсиз деп, жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылышы зарыл", - дейт Келдибаев.

Депутат Жанар Акаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, саясий эксперт Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: