super.kg logo
  Саясат  

Саясий эксперт Игорь Шестаков: "Азыркы бийлик Бабановдун кайтып келишине кызыкдар болуш керек"

 

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон. Бабанов социалдык түйүндөгү баракчасына 13-апрелде саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип коно турганын жарыялаган. Ал күнү экс-депутат өлкөгө келбей калганын жарыялады. "Бүгүнкү күнү мени тосуу үчүн уюштурулган тынчтык митингинде үчүнчү күчтөр даярданып жатканын штабдан айтышты", - деди Бабанов.

SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Бабановго байланыштуу соңку окуялар, ага карата козголгон иштер саясий куугунтук экенине далил боло алабы?" деген соболуна саясий эксперт Игорь Шестаков жооп берди.

Ал Өмүрбек Бабанов өлкөгө келип өзүнө козголгон эки кылмыш иши боюнча чекит коюусу керектигин айтты.

"Бул иш ал үчүн эң башкы укуктук маселе. Анын келе турганы логикалык жактан туура. Мени таң калтырганы: митингдерди уюштуруунун эмне кереги бар эле, максаты кандай эле? Митингдерди 2020-жылга чейин өткөрүүгө тыюу салуу Конституцияга каршы келет. Жергиликтүү бийлик коомдун коопсуздугун эске алып чечим чыгарыш керек. Митингдердин айынан Бабановго “Бишкекте абалды туруксуздандыруу аракети” деген айып тагылып, ал башка бирөөлөрдүн саясий оюнунун курманына айланышы мүмкүн эле. Албетте, ал өзү митингдерде баш аламандыктын чыгуусуна каршы. Азыркы бийлик Бабановдун кайтып келишине кызыкдар болуш керек, анткени ага мүмкүнчүлүк берип, бийлик шек жараткан кылмыш иштер боюнча өзүнүн калыстыгын көрсөтмөк.

Жалпысынан караганда, Бабановго карата аракеттерди саясий куугунтук деп эсептей албайм. Саясий куугунтук болгон же болбогонун аныктоо үчүн эмнеден улам кылмыш иштери козголгонун эстеш керек. Эгер бул иштерге жетиштүү далилдер менен козголсо, анда суроо жок. Бирок "мамлекеттик төңкөрүштү даярдоо" боюнча кылмыш иши убактылуу токтотулган. Демек, далилдер жетишсиз же башка себептер бар. Ал эми мурда эле жабылган иш боюнча Бабановдун туугандары эмнеге суракка чакырылганы түшүнүксүз. Муну саясий басым катары кабыл алса болот", - деди Шестаков.

Депутат Жанар Акаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, саясий эксперт Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: