super.kg logo
  Саясат  

"Дача-СУга кулаган учактагы жүк кимдики экени белгилүү болдубу?" деп депутат баш прокурордон сурады

 

Бүгүн, 16-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Башкы прокуратуранын 2018-жылы аткарган иши боюнча отчётун угууда.

Анда депутат Таабалды Тиллаев Дача-СУ аймагындагы авиакырсык боюнча кандай иш-аракеттер болгонуна кызыкты. “Бүгүнкү күнгө чейин "учактын ичинде аткезчилик жүк болгон" деген сөздөр тарап жүрдү. Ошол нерсе аныкталдыбы? Кимдин жүгү экени белгилүү болдубу? Бул окуя боюнча кимдер суралып жатат?” - деп сурады депутат.

Буга башкы прокурор: “Учурда бул кырсык боюнча тергөө уланууда. Азырынча эч кандай маалымат бере албайбыз, себеби ар бир айтылган сөз тергөөчүлөргө кысым көрсөтүлүп жаткандай кабыл алынышы мүмкүн”, - деп жооп берди.

Окуянын чоо жайына кайрылсак:

2017-жылдын 16-январында таңкы саат 7:31 чамасында түркиялык "АСТ Havayolları" компаниясынын Боинг-747 учагы Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулаган. Кырсыктан 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон жана бир канча турак үй кыйраган.

Кулаган учакта жалпы 85 тоннага жакын жүк болсо, анын ичиндеги 2 тонна зажигалка Казакстандагы "JTI Kazakhstan LLC" аттуу компаниянын буюртмасы менен Бишкекке алынып келаткан. Жогорку Кеңештин ондон ашык депутаты кирген депутаттык комиссия жүк боюнча бардык документтерди карап чыгып, жүк Кыргыз мамлекетинин жарандарына таандык болбогонун аныктаган. Комиссия аягына чейин тергеп чыгуу үчүн Башкы прокуратурага тапшырма бергенин жарыялаган. Кырсык боюнча Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын өкүлдөрүнөн турган тергөө тобу да түзүлүп, ишти тергеп башташкан. Бирок жыйынтыгын чыгара элек.

Ал эми Жарандык коргоо комиссиясы Дача-СУдагы келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн 195 миллион сомго барабар деп эсептеп чыккан. Каза болгондордун жакындары жана жапа чеккендерге жардам үчүн деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине эл тарабынан 102 миллион 160 миң 180 сом 55 тыйын чогултулган. Андан кийин түрк компаниясы эки бөлүп акча которгон. Бирок анын суммасы ачыкталган эмес.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
125459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: