Баткен облусунун прокурорунун каза болгонуна 5 ай болду. "Тергөөдө дагы жаңы адамдардын аты аталды" дейт айыпталуучунун тууганы

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун каза болгонуна 5 ай болду. Бул аралыкта тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Айыпталуучу Мелис Калыковдун бир тууганы Дарийка Калыкованын айтымында, инисин тергөөчү иш менен тааныш деп жатат.

"Тергөөчү иш бүтө элек жатып эле инимди иш менен таанышасың деп жатат. Бирок биз 5 айдан бери бул иш боюнча жаңы фактыларды текшерүүнү, тоого чогуу барган прокурорлор менен беттештирүүнү суранып келе жатабыз. Ошондой эле тийиштүү экспертизалардын жыйынтыктары дагы толук чыга элек. Бул факты боюнча тергөөдө дагы бир топ адамдардын аты аталды. Бирок аларды тергөөчү чакырып сурак кылган жок. Анан кандайча иним иш менен таанышат.

Инимди кыйноого алган ИИМдин кызматкерлери деле кызматтарында иштеп жүрүшөт. Азыр Мелисти ур-токмокко албай, моралдык жактан ар түрдүү кыйноолорду көрсөтүп жатышат. Мисалы тамак бербей, дааратканага алып барбай күнөөнү моюнга алдырууга мажбурлашууда. Ал эми тергөөчү сурак объективдүү жүрүүдө деп отчёт берип коюуда. Суракка дайыма биздин жактоочуну киргизбей, мамлекеттик жактоочуну киргизип, Мелисти иш менен тааныш дагы кол коюп бер деп кыйнап жатат. Бирок иним "өзүмдүн адвокатым кошо кирсин" десе, кайра көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат деп билдирүүдө. Биз келтирген өтүнүчтөрдү карабай жатканы үчүн дагы биздин жактоочу менен тергөөчү соттошуп жатышат. Бизге кандай болгон күндө дагы акыйкат чечим, тергөө керек. Андыктан мен кайра жогорку жактагыларга кат жаздым", - дейт Калыкова.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 2018-жылдын 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

29-ноябрда маалымат жыйыны өтүп, анда Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы кылмышка шектелип кармалган М.Калыков маркумду баш сөөккө атып өлтүргөнүн маалымдаган. Ал эми ИИМдин тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов маркум менен шектүү М.Калыковдун мушташып жатканын көргөндөр бар экенин билдирген.

Белгилүү болгондой, киши колдуу болуп каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында 4 баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2019-04-17 03:37:25
Сотторго ажобуз конул коюп карап койсо болот ар кандай бурмалоо болуп келет айыл жергесинде дагы. Балдарынын убалы кимге ким олтурсо да кудай жазаласын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан