super.kg logo

Көрөрмандын коркуу сезимин ойготуп, соңуна чейин түрдүү суроолорду жараткан "Мурас" тасмасы көрсөтүлө баштады

 
16-апрелде борбордогу кинотеатрлардын биринде "Мурас" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Аталган тасма Асанбек Кулманбетовдун "Киши жегич кемпир" ("Старуха людоед") чыгармасынын негизинде тартылган.
Тасманын аталышы: "Мурас"
Бет ачары: 16-апрель
Жанры: триллер
Режиссёру: Азамат Шаршенов (Арыков)
Продюсери: Данияр Омурбеков
Ролдордо: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев, актёр Аскат Сулайманов, Азамат Шаршенов, өзбек актрисасы Шахзода Матчанова, Тынара Абдразаева, Данияр Омурбеков, ырчы Айпери Кубик кызы жана башкалар.
Тасманын сюжети тууралуу айтсак, фильмде жаш үй-бүлөнүн оош-кыйыш турмушу баяндалат. Келинчеги чет жакка иштөө үчүн кетүүгө аргасыз болот. Күйөөсү арзаныраак батир табыш керек болуп, бир кемпирдин эски үйүн табат. Үй арзан, тынч сезилет. Бирок кошуналары кайып боло баштайт. Кийинчерээк эмнеге кайып болгонун түшүнөт... Тасма андан ары кызып, түрдүү окуялар орун алат. Фильм балдарга сунушталбайт.
Тасманын режиссёру Азамат Шаршенов: "Тасма көптөгөн кыйынчылыктар менен тартылды. Өз максатына жетет деген ойдомун. Ал эми баш каармандын ролуна өзбек актрисасы дагы тартылды. Ал өз ишин мыкты билген, тажрыйбалуу актриса экен. Тандоомо өкүнгөн жокмун", - дейт.
Ал эми Данияр Омурбеков биринчи жолу тасмага продюсер болуп жатканын айтты.
"Мурас" фильминин тартуу иштери ушул жылдын январь айынан баштап старт алып съемкага чейин тартуучу топ 1-2-3-декабрда аншлаг менен кастинг өткөргөн. Кастингге жалпысынан 1000ге жакын адамдар катышкан.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.04.2019. 00:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
21-05-2019 11:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Окуясын угуп эле коркосун го. Кызыктуу окшойт
17.04.2019. 07:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
21-05-2019 08:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
aliya-leyla,киносун билбейм, бирок китеби абдан кызыктуу болчу. Бирок КРде эмес Россияда жашайт киши жегич кемпир. Уйун кыргыз балага мурас кылып берет эле. Кемпир жалан жаш бойдок келиндерди гана киргизчу. А тиги кемпир бирде жаш болуп жазанып, бирде кемпир болуп жазанып турчу. Келиндерди адегенде иттине салып берип, итти менен коштуруп, анан озу жечу
17.04.2019. 10:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
21-05-2019 11:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Илгери окугам китебин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126672;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: