super.kg logo

Мирлан Баековдун "Сүйүү тагдыр" чыгармасы "Сыйлуу тизмеден" орун алып, Гүлжигит Сатыбеков, Кенже Дүйшеева жана Кубаныч Сатаевдин чыгармалары "Супер хитке" кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күндөрү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон жана 3 ирет биринчиликти багындырып, "Сыйлуу тизмеге" кирген эки чыгарманын ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" жана Кенже Дүйшеева менен Кубаныч Сатаевдин "Жан досум" чыгармасы кошулду.

10-АПРЕЛДЕН 17-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

10-орунга - Самат Эркинбековдун "Дык-кын-дыш" видеоклиби ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" видеокомпозициясы ээледи.

8-орун - Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" клибине буюрду.

7-орунду - Мээрим Карыпованын "Мен сизди унутушум керек эле" чыгармасы камсыздады.

6-орунда - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" клиби жайгашты.

5-орунду - Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Жаным" видеоклиби багындырды.

4-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Баястан менен Тамганын "Сени жактырам" чыгармасына буюрду.

3-орун - Турдакун Ниязалиевдин "Ак ниет" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунда - Самара Каримова менен Данияр Эрматовдун "Тунук сүйүү" чыгармасы жайгашты.

1-орун - Мирлан Баековдун "Сүйүү тагдыр" аталышындагы клиби эң көп добушка ээ болуп, ушуну менен 3-ирет жеңүүчү аталды. Чыгарма "Супер хиттин" "Сыйлуу тизмесинен" орун алды.

"Чыгарма бир айымдын жашоосунан алынган. Окуяны укканда дароо эле сөзү, обону, клиптин сценарийи кандай болорун элестетип койгом. Чынын айтсам ушул клип купулума толду. Көрөрмандар дагы аябай жакшы пикирлерин айтышып, жакшы бааларын беришти. Негизи башка клиптеримден өзгөчө деле болгон эмес", - дейт Баеков.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126704;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: