Өлкөдө балдарга карата жасалган кылмыштардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
"2017-жылы балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 1 миң 107ни түзгөн. 2018-жылы бул көрсөткүч 28 пайызга өсүп, 1 миң 368ге жетти. Алардын ичинен, адам өлтүрүү 10 факт (2017-жылы 11), атайылап ден соолукка оор залал келтирүү 19 факт (2017-жылы 13), зордуктоо 42 факт (2017-жылы 47), каракчылык 13 факт (2017-жылы 22), жашы жете элек өспүрүмдөргө карата 138 сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар катталган", - деди Жамшитов.
Депутат Аида Касымалиева жашы жете электерге карата жасалып жаткан кылмыштардын саны чоң көрсөткүчтө өскөнүн белгилеп, бул жаатта ишти дагы дыкат көзөмөл кылуу керек экенин айтты.