super.kg logo

"Ош базарында" иштеген соодагер: "Көргөн-билгенибиз "базарга атайылап өрт коюшкан" деген ойлорго түртүп жатат"

 
4-декабрда чыккан өрттөн кийинки күйгөн базардын аймагынын көрүнүшү

"Көргөн-билгенибиз "базарга атайылап өрт коюшкан" деген ойлорго түртүп жатат". Мындай пикирин SUPER.KG`ге "Ош базарында" эмгектенген соодагерлердин бири билдирди.

Анын айтымында, күйгөн контейнерлердин баары өрт чыккан күнү кандайдыр бир себептер менен ачылып калган.

"Өрттөнүп кеткен контейнерлердин баары кандайдыр бир себептер менен ачылып калган. Эгер жабык болгондо 2-3 жеринен кулпуланган контейнерлерге өрт кирбейт болчу. Кантип, ким тарабынан ачылып калганы табышмак бойдон калууда. Тилсиз жоо чукул туташуудан келип чыккан деген версиялар айтылды. Мен өзүм бир нече жыл жеке компанияда электрик болуп иштегем. Бир күнү түн ичинде электр тогунан өрт чыгып, директордун кабинети күйүп кеткен. Таң атары менен менин колума кишен салып, милиция кызматкерлери кармашкан. Мен күйүп кеткен кабинетти карап көрүп, дароо эле директор токко сайылган аппараттардын бирөөсүн суурубай кеткенинен улам өрт чыкканын аныктагам. Базарды канчалаган адистер текшеришти. Бат эле тилсиз жоонун келип чыгуу себебин аныктап, тиешелүү адамдарды жоопко тартса болот эле. Бирок ушул убакка чейин 1 дагы адам жоопкерчиликке тартылган жок. Ушундай жагдайларды карап отуруп, базарда кокусунан өрт чыкты деген кептерге ишене албай жатабыз. Балким, кандайдыр бир күчтөр, соодагерлерди ал жактан кууп чыгып, ордуна жаңы соода борборун куруу үчүн ыплас жолду тандагандыр", - деди соодагер.

Учурда "Ош базарынын" өрттөнүп кеткен аймагында жаңы имараттын курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып калганын байкоого болот.

"Ош базарында" 2018-жылдын 4-декабрына караган түнү чыккан өрттөн 40ка жакын соодагердин соода оруну толугу менен күйүп кеткен. Аймактык тескөөчү окуядан бир күн мурун базар жабык болгонун жана ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.

4-декабрда чыккан өрт өткөн жыл ичиндеги 4-кырсык болду. Ага чейин "Ош базарында" 3 жолу тилсиз жоо катталган. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагер миллиондогон чыгымга учурашкан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.04.2019. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
794
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
20-05-2019 06:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
Аны Ош базар күйгөндө эле айтышкан атайын күйгүзгөн деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126620;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: