Депутат Ирина Карамушкина: "КСДПга карата жүрүп жаткан мыйзамсыздык эртең башка партияларга карата иштеши ыктымал"

Юстиция министрлиги КДСПнын төрагасы деп Сагынбек Абдрахмановго өзгөрткөнү белгилүү болду.

Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында өлкө аймактарында жыйындарды өткөргөн. 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өткөн. Анда саясий кеңештин мүчөлөрү катышпаган жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланган.

SUPER.KG порталынын "КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерликтин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жооп берди. Анын айтымында, депутаттар мыйзамсыз аракеттер боюнча үн катпай отурушат.

"Жарандар “бул жаңжал Алмазбек Атамбаевге жана КСДПга гана тиешелүү, мага тиешеси жок” деп ойлобош керек. Бардыгы ушундай майда нерседен башталат. Эгер бийлик мыйзам бузса, кийин муну токтотуу мүмкүн эмес болот. Ар бир жаран мындан жабыркашы мүмкүн. Азыр бир дагы депутат Юстиция министрлигинин мыйзамсыз аракети боюнча “бул КСДПнын иши, мага тиешеси жок” деген ой менен үн катпай отурат. Бирок бул мыйзамсыздык эртең өзүнө карата иштеши ыктымал. Эгер мыйзамдар бузулуп жатса, кантип президенттик аппаратка, Юстиция министрлигине ишенсе болот? Атаандаштарыбыз биз менен укуктук айдыңда күрөшүүдө коркуп, мыйзам бузууга барып жатышат”, - деди Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Данияр Тербишалиев, Мээрбек Мискенбаев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан