Экс-депутат Данияр Тербишалиев: "КСДПнын лидеринин алмашуусу бул Кыргыз мамлекетинин тарыхында чоң из калтырат"

Юстиция министрлиги КДСПнын төрагасы деп Сагынбек Абдрахмановго өзгөрткөнү белгилүү болду.

Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында өлкө аймактарында жыйындарды өткөргөн. 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өткөн. Анда саясий кеңештин мүчөлөрү катышпаган жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланган.

SUPER.KG порталынын "КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерликтин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Данияр Тербишалиев жооп берди. Анын пикиринде, КСДПнын ичинде болгон маселе чынында демократиялык процесстердин көрсөткүчү. "Азыркы партиянын ичинде болгон демократиялык процесстер, партиянын лидеринин алмашуусу бул башка партияларда, Кыргыз мамлекетинин тарыхында чоң из калтырат. Бул демократиянын жетишкенидиги деп айтсак болот. Ушул күндөн тарта башка партияларда дагы авторитардык башкаруу, лидерлердин тоталитардык башкаруусу жокко чыгат деп ойлойм. Демократиялык партиялар түзүлүп, парламенттик башкаруу системине чоң өбөлгө болот деп эсептейм", - дейт Тербишалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, Ирина Карамушкина экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан