Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев: "Мындан кийин бизнестерди тартып алуулар болот"

Юстиция министрлиги КДСПнын төрагасы деп Сагынбек Абдрахмановго өзгөрткөнү белгилүү болду.

Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында өлкө аймактарында жыйындарды өткөргөн. 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өткөн. Анда саясий кеңештин мүчөлөрү катышпаган жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланган.

SUPER.KG порталынын "КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерликтин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев жооп берди. Ал мындай көрүнүш бардык партиялардын башына түшө турганын белгиледи. "Буга чейин "Айкөл Ала-Тоо" кыймылына рейдерлик кылды. Эми КСДПга рейдерлик кылып жатат. Мындан кийин бизнестерди тартып алып баштайт. Кайсы партия баш көтөрсө ушундай көрүнүш болот. Бул бийликтин аягы жакшы бүтпөйт. Буга чейин мындай бийликти көргөнбүз. Акаев, Бакиев кылбаганды ушул бийлик кылып жатат. Жээнбековдун бийлиги Акаев, Бакиевдин бийлигинен эки эсе ашып түштү. Мындай көрүнүш бардык партиянын башына түшөт", - дейт Мискенбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, Ирина Карамушкина экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Данияр Тербишалиев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан