ИИМдин басма сөз кызматынын 35 жылдыгына карата облустагы маалымат катчыларга семинар-тренинг өттү

Бүгүн, 18-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын 35 жылдык мааракесине карата облустагы маалымат кызматынын бардык кызматкерлерине семинар-тренинг өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинар-тренинг эртең, 19-апрелде уланат. Иш-чаранын максаты коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланышты бекемдөө, кызматкерлердин профессионалдык квалификациясын жогорулатуу.

"Басма сөз кызматкерлеринин жоопкерчилиги", "тастыкталган маалыматты таратуунун эрежелери", "веб-сайт түшүнүгү жана мамлекеттик органдардын сайттарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар" жана башка темалар боюнча лекциялар өтүлдү. Семинар ИИМдин басма сөз кызматынын 35 жылдыгына арналган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан