11 кыргыз спортчусу Катарда өтө турган жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугуна катышат

Катарда өтө турган Азия чемпиондугуна катышуучу кыргыз жеңил атлетчилеринин тизмеси белгилүү болду. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 21-апрелден 24-апрелге чейин Доха шаарында өтөт.

"Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугуна катыша турган 11 спортчу башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги астында Катар өлкөсүнө жөнөп кетти. Жөө күлүктөрдүн чыгымдарын каржылоо үчүн спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциянын бюджетинен 1 миллион 80 миң сом акча бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Чемпиондукка катышуучу спортчулардын тизмеси:

Анна Буланова;
Гүлшанай Сатарова;
Татьяна Рыбакова;
Мусулман Жоламанов;
Данияр Арыпбеков;
Алигажи Магомедгажиев;
Баястан Максатбек уулу;
Бердигул Айтпай уулу;
Михаил Солошенко;
Шахзот Садыкжан уулу;
Кирилл Сарасов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан