Астротөлгө: 21-апрелде романтикадан алыс адамдар төрөлүшөт

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

21-апрелде сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн сөзмөр адамдар төрөлүшөт. Ошондой эле ар бир сүйлөгөн сөзү алар үчүн мыйзам. Ошондуктан кокус бул адамдардан уруксат сурап калсаңыз абайлап мамиле кылыңыз. Оозунан "жок" деген жооп чыкса, кайрадан макул кылдырыш өтө оор болот.

Бул күнү төрөлгөн мырзалар романтикадан алыс болгону менен үй-бүлөгө туруктуу болушат жана бардык жоопкерчиликти колуна алып, эч нерседен кем кылбай багышат. Ал эми айымдар ишенчээк болушат, лидер болууга умтула беришпейт.

Айымдар үй-бүлө, бала-бакыра деп жүрүп карьераны 40 жаштан өтүп башташат. Кеч болсо да жакшы жыйынтыктарга ээ болушат. Мырзалар иштин көзүн таба билгендиги менен бардык жумушта ийгиликтин даамын тата алышат. 21-апрелде жарыкка келгендер материалдык байлыктын аркасынан чуркашпайт. Алар үчүн өздөрүнө аброй топтогон маанилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан