19-апрелде Футбол боюнча Беларусь чемпиондугунун 4-турунда "Неман" клубу өз талаасында "Витебск" клубун кабыл алды. Беттеш 1:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына жыйынтыкталды.
"Неман" клубунун катарында ойногон Кыргыз курама командасынын футболчусу Гүлжигит Алыкулов 68-мүнөттө алмашууга чыгып, 5 мүнөт өткөндөн кийин гол жаратып командасын алдыга алып чыкты.
Оюн дал ушул эсепте жыйынтыкталып, Алыкуловдун голу талаа ээлерине кезектеги 3 упайды алып келди. Жыйынтыгында "Неман" клубу 6 упайы менен чемпиондуктун 5-орунуна көтөрүлдү.
"Неман" клубунун кийинки оюну 25-апрелде "Динамо Минск" клубуна каршы өтөт.
18 жаштагы Гүлжигит Алыкулов беларустук клуб менен жыл башында келишим түзгөн. Бишкектик "Дордой" футболдук клубунун тарбиялануучусу 2017-жылы Түркиянын "Антальяспор" футболдук клубунда ойноп, 2018-жылы мекенине кайтып келген, ал сезондун жарымын "Кара-Балта" клубунда ойноп, жайкы трансферлер сезонунда бишкектик "Алга" футболдук клубуна өткөн. Топ-Лиганын 2018-жылкы сезонунда Алыкулов 28 беттеште 8 гол киргизгенге үлгүргөн.
Футболчунун "Неман" клубуна кантип өткөнү, үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн сезимдери тууралуу SUPER.KG`ге курган маегин шилтеме аркылуу кирип окусаңыз болот.
Гүлжигит Алыкулов - белгилүү куудул, маркум Жаныбек Алыкуловдун уулу.