Бүгүн, 21-апрелде Ош шаарында "Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти, ырчы Айтурган Эрмекованын үлпөт тою өтүп жатат. Ал сүйүктүүсү Дамир мырзага Жаңы жылда турмушка чыккан. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышканда ал үлпөт тойдо колуктунун курбусу ырчы Сайкал Садыбакасова экенин айтып, буларга токтолду.
"Дамир экөөбүздүн баш кошконубузга 5 айга чамалап калды. Үлпөт тойду күн жылуу мезгилде, тагыраагы, жолдошумдун туулган күнүндө, 15-апрелде өткөрөлү деп пландаганбыз. Бирок тойкана 21-апрелде бош болгондугуна байланыштуу туулган күнүндө өткөрө албай калдык. Бүгүнкү тойго менин чыгармачылыктагы досторум, эжелерим, агаларым дагы келишти. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова, өзбек актёру Мирза Азизов, актриса Ситора Исламова жана башкалар келди. Ал эми бүгүн менин жанымда жүрүп, курбулук милдетти аткарууну Сайкал Садыбакасова колго алды. Мындан тышкары "Кыз-Бурак" тобунун мурдагы ырчылары дагы тойго катышып, Гүлнара Калдарова эжем жар-жар айтты.
Жолдошум тууралуу айтсам Дамир Анарбаев Оштун Кара-Суу районунан болот. Дамир - менин экинчи жолдошум. Буга чейин турмушка чыгып, ажырашып кеткем. Мен азыркы жолдошумду тандоодо адашкан жокмун. Ал жакшы адам", - дейт Эрмекова.
Айтурган Эрмекова 1991-жылы Ош шаарында туулган. Өзү 2006-2008-жылдары "Кыз-Бурак" тобунда иштегенин, 2014-жылы топко кайтып келип солист катары ырдап чыкканын айткан. Акыркы жылдары жеке ырчы катары ырдап, клип тартып, Ош шаарындагы күйөрмандарына жеке концертин тартуулады.