Орусияда 10 саат тынымсыз иштеп каза болгон Кыргыз жаранынын окуясынан кийин компания иштөө убактысын өзгөртмөй болду

Орусияда 10 саат тынымсыз иштеп каза болгон Кыргыз жаранынын окуясынан кийин иштөө убактысы боюнча өзгөртүүлөрдү киргизмей болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран жүрөк оорусунан улам көз жумган. "Яндекс еда" тамак-аш жеткирүү кызматында эмгектенген 20 жаштагы Артык Орозалиевдин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлмөкчү.

"Компания күнү-түнү иштегендиктен бул окуядан кийин анын жетекчилиги кызматкерлердин канча саат иштеп жатканын катуу көзөмөлгө алмай болду. Курьерлер иштөө убактысын өздөрү тандагандыктан алар ашыкча иштеп калып жатышканы белгилүү болду. Мындан улам иштөө убактысын кыскартуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ekaterinburg
2019-04-22 09:29:59
Ай куруп калгыр заман ай!Кырчындай омур кыйылган тура тиричилик деп журуп.Бейишин берсин,кантели эми(((
+7
babi92
2019-04-22 15:26:02
Жайы жаннатан болсун,байкуш жапжаш бала экен.Тиргилик,акча деп жаныбызды карч урабыз,ичеер суубуз тугонуп ажал жеткенде кайсыл жерде болбосун кете берет экенбиз да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан