"Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" иш-чарасы Кара-Кулжа районунда жана Жалал-Абад облусунда дагы өтөт

20-21-апрель күндөрү Ош шаарында түрк тилдүү элдердин башын бириктирген "Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аталышындагы маданий иш-чара өттү. Ага жалпысынан 12 мамлекет катышып, 250гө жакын шоу-бизнес жана маданият өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов, чет өлкөдөн келген элчилер, министрлер жана алардын орун басарлары катышты. Маданий иш-чаранын ачылышы Ош шаарындагы жаштар сейил багында болуп, конокторго казандарга кайнатылып, даяр болгон сүмөлөктөрдү ооз тийгизүү менен башталды.

Андан кийин "Алымбек датка" этнографиялык борборунда "Сулайман-Тоодогу түрк тилдүү элдин маданияты" аталышындагы фестиваль уюштурулуп, көчмөн элдин салты, маданияты, кийим-кечелери менен тааныштыруу болду.

Кечки саат 8:00дө борбордук стадиондо иш-чаранын салтанаттуу ачылышы болуп, кыргыз шоу-бизнесинин, маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң программадагы концерт өттү. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму түрк тилдүү элдин маданиятын сактоо багытында алкоого татыган эмгек жасаган журналисттерге, маалымат агенттиктерине, редакцияларга 2010-жылдан бери сыйлык тапшырып келет. Быйыл басма сөз сыйлыгына 9 өлкөдөн 15 журналист көрсөтүлүп, ырчы, алып баруучу Назира Кадыева дагы ээ болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз-түрк клиникасынын ачылышы, "Байыркы Ош - цивилизациянын борбору" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция орун алды. Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги бизнес-форумдар, социалдык, экономикалык мамилени бекемдеген конференциялар болду. Андан кийин Ош драма театрында "Түрк тилдүү элдин бийи" фестивалы орун алды.

Этнофестиваль бүгүн, 22-апрелде Кара-Кулжа районунда улантылып, келген коноктор жергиликтүү тургундардын салт-санаасы, үрп-адаты, маданияты менен таанышат.

Ошондой эле этнофестиваль Жалал-Абад облусунда дагы өтөрү маалымдалды.

2018-жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун курамындагы өлкөлөрдүн туруктуу кеңеши Ош шаарын 2019-жылы "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан