Бүгүн, 22-апрелде Юстиция министрлигинин алдында КСДПнын митинги өттү. Министр Марат Жаманкулов менен сүйлөшүүгө партиянын бир нече өкүлдөрү кирип, дээрлик 1 сааттан кийин чыгышты.
Алардын бири депутат Асел Кодуранова министр партиялар жөнүндө мыйзамда карама-каршылыктар бар экенин моюнга алганын билдирди. "Биз Жогорку Кеңеште бул мыйзамды өзгөртпөсөк болбойт экен. Биз Юстиция министрлигине дагы экинчи жолу келип, бүт документтерди толуктап беребиз. 7 күндүн ичинде каралат. Жыйынтыгына жараша аракет кылабыз", - деди Кодуранова.
Буга чейин Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр киргизилгени белгилүү болгон. "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. Партиянын саясий кеңеши буга нааразы болуп маалымат жыйын өткөргөн.
18-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасынын атын өзгөртүү боюнча Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп таануу керектигин айтып, өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жасаган.