реклама
super.kg logo
  Саясат  

"Мен бара албайм, себеби Кыргызстанда мыйзам иштебейт" деп кесе эле айтышы керек болчу". Адахан Мадумаров Өмүрбек Бабановго байланыштуу пикирин билдирди

 

Бүгүн, 22-апрелде саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйынын өткөрдү. Ага журналисттер Өмүрбек Бабановдун келем деп, келбей калганы боюнча суроо беришти.

"Бабановдун келишине күмөнүм бар эле. Эки тараптуу караш керек. Биринчи тарабында саясатты жыйыштырып коюп, инсан катары айтайын. “Мен акмын” деп жатасыңбы, анда кел жана актыгыңды далилде. Же "акмын, бирок өлкөдө сот системи актыкты тактап бергенге күчү жетпейт" деп жарыяла. "Кыргыз өлкөсүндө коррупцияга белчесинен аралашкан бийлик мыйзамдын негизинде иштебейт” деп жарыяла. Анан “мен ишеним артам, үмүт кылам; барсам баары мыйзам чегинде каралышы мүмкүн” деген саясий сооданы токтотушубуз керек. Биз бардыгын ачык айтышыбыз шарт. Келбей калышы, бул демек, Кыргыз мамлекетинде мыйзам иштебейт деген сөз. Эгер мыйзам иштегендигине толук кандуу ишенген болсоң, анда келип, актыгыңды далилдешиң керек болот. "Мен бара албайм, себеби Кыргызстанда мыйзам иштебейт" деп кесе эле айтышы керек болчу", - деп кеңеш берди Мадумаров.

"Мен Өмүрбек инимди каралап же башка деп айта албайм. Аны айта турган тийиштүү органдар бар, бирок ошол тийиштүү органдар бүгүнкү күндө кыргыз мыйзамдарында дал келип иштебейби, анда өзүңдүн пикириңди билдир да. Чындыкты айткан адам эртели-кеч жеңет", - деп кошумчалады саясатчы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 15 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126856;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: