Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормасынан жогору

Тектеш кабарлар: Бишкекте абанын булганышы чектен ашып жатат (124 материал)

Бүгүн, 23-апрелде саат 7:50гө карата Бишкектин көпчүлүк аймактарында абанын булганышы нормасынан жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 52 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 43).

Чыгыш-5 кичи району – 29 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 27).

Көк-Жар кичи району - 21 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 21).

7-кичи район - 21 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 19).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан