Депутат вице-премьерди Конституцияны бузууга айыптады

"Өкмөт Жогорку Кеңештин уруксаты жок эле Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча делимитациялоо жана демаркациялоону баштап, бийликти тартып алды", - деп бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, Конституциянын 74-беренесинде чек арага байланыштуу маселелердин баарын Жогорку Кеңеш чечет деп айтылган. Ал вице-премьер Жеңиш Разаковго кайрылып: "Конституциянын кайсы жеринде чек ара боюнча маселелерди өкмөт чечет деп айтылган?" - деп сурады.

Разаков ага төмөнкүдөй жооп берди. "Кайсы жеринде экени эсимде жок. Бирок башкы документ катары эки тарап кол койгон келишим эсептелинет. Эки тараптуу келишимди эки мамлекеттин комиссиясы тарабынан каралат", - деди вице-премьер.

Депутат анын жообун сынга алды. "Сүйлөшүүгө барардан мурун Конституция менен таанышып чыксаңар болмок. Сизге мамлекеттик чек араны аныктоого ким укук берди? Аткаруучу бийликтин мындай укугу жок. Бүгүн сиз Жогорку Кеңештин милдеттерин уурдап алдыңыз. Жогорку Кеңеш чечет, ал сизге тапшырма бердиби? Сиз Конституцияны буздуңуз", - деди депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымына караганда, мындай көрүнүштөр буга чейин да тарыхта орун алган. "Кытай, Казакстан менен чек ара маселелерин аныктоодо өкмөт иш алып барып, аны чечкен. Буга чейин мындай суроолор болгон эмес", - деди өкмөт башчы.

Буга депутат: "Мен бүгүнкү күн менен жашагым келет, бүгүнкү Конституция менен. Сиз бийликти узурпацияладыңыз", - деп нааразычылыгын айтты.

Юстиция министри Марат Жаманкулов мындай маселелер боюнча сунушту өкмөт сунуштай турганын, Жогорку Кеңеш тараптан чек араны тактоону тездетүү тапшырмасы болгонун билдирди.

Буга депутат ал тапшырманы кагаз жүзүндө көрсөтүүнү талап кылды, министр аны таап берүүнү убадалады.

Комитет жыйынында өкмөттүн 2018-жылдагы аткарган иши жөнүндө премьер-министрдин отчёту угулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан