super.kg logo

Ак-Сай айылынын тургундары 9 жаштагы баланы Тажикстандын аймагына алып кирип кеткен жарандын кечирим сурашын талап кылышты

 

Ак-Сай айылынын тургундары 9 жаштагы баланы Тажикстандын аймагына алып кирип кеткен жарандын кечирим сурашын талап кылышты. Бул тууралуу аталган айылдын жашоочусу SUPER.KG порталына билдирди.

"22-апрелде кечинде жол жабылган эле. Бүгүн ачылды. Абал туруктуу бирок эл топтолуп турат. Кичинекей баланы алып кеткен тажик жаранын жазага тартасыңар же үй бүлөсүнөн келип кечирим сурасын деп талап кылышууда. 2-класста окуган баланын айтымында аны ургулап, коркутушуптур.

Тажик жаранынын айтымында 21-апрелде анын экскаваторуна белгисиз адам таш ыргыткан. Мындан улам анын экскаваторунун айнеги сыныптыр. Анын ээси башка экен. Ал айдоочу гана болгон. Эртеси ал дарыянын аркы өйүзүнө өткөндө, 2-класста окуган баланы көрсөтүшүптүр. Ошону өз аймагына алып өтүп кетиптир", - деди айылдын тургуну.

Окуянын чоо-жайы:

22-апрелде кечки саат 8:50 чамасында Кыргыз-Тажик чек ара аймагында жаңжал чыкты. Буга Тажикстандын жараны 2010-жылы туулган К. уулу Ш. аттуу Кыргыз жаранын Ворух анклавына алып өтүп, Тажикстандын укук коргоо органдарына өткөрүп бергени себеп болгон. Ал кичинекей бала экскаваторунун айнегин сындырып койгонун айткан. 30 мүнөттөн кийин Тажик тарап аны Кыргыз тарапка өткөрүп берген. Окуяга байланыштуу 60ка жакын жаран Ак-Сай айылына чогулуп калышкан. Чек ара кызматы Кыргыз-Тажик чек арасында 23-апрелге карата абал туруктуу экенин кабарлады.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн билдиришти. "Тажик тараптын билдирүүсү боюнча баланы кармап кеткен Тажикстандын жаранына карата кылмыш иши козголуп, убактылуу камакка алынды", - деп билдирет Баткен ОИИБи.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126704;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: