Кыргыз-Казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардан турган узун кезек жаралды

Кыргыз-Казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардан турган узун кезек жаралды. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары жазышты.

"100гө жакын оор жүк ташуучу унаалар кезекте турат. Эмнеге өткөрбөй жатканы эч кимге белгисиз", - деп жазган колдонуучу.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын башчысы Гульмира Борубаева кезектин көбөйүшүн казак тараптын күчөтүлгөн тартипте текшерүү иштерин жүргүзүп жатканы менен байланыштырды.

"Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл өткөрүү жайында 40тай жүк ташуучу унаа кезекте турат. Кезектин көбөйүшүнө Казакстандын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте текшерүү жүргүзүүсү себеп болгон. Учурда текшерүү күндөгүдөй эле жүрүп жатат. Топтолгон унаалардын саны азаюуда", - деди Борубаева.

Буга чейин да аталган көзөмөл өткөрүү жайында көптөгөн унаалардан турган кезек пайда болгон. Казак бийлиги бул жагдайга 10 күн убакыт өткөндөн кийин гана түшүндүрмө берген. Тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүп, керектүү учурларда унаалар дыкат текшерилип жатканы айтылган. Ошол эле учурда жүк ташуучулар өздөрү чек арадан өтүүнү каалабай жатышканы белгиленип, бирок айдоочулар каршы пикирде экендигин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан