Эртең шайлоодо Боршайкомдун сурап-билүү телефону иштейт
Эртең 25-ноябрь - Жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын сурап-билүү телефону иштейт. Шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн таппай калган добуш берүүчүлөр 0312 62-09-09 телефонуна чалып, маалымат алышса болот. Маалымат алуу үчүн толук аты-жөнүн айтуу шарт. Сурап-билүү телефону добуш берүү аяктаганга чейин, тактап айтсак, 19:00гө чейин иштемекчи.