Депутат: "Орусия Кыргыз өлкөсүнө которулган акчанын көлөмүнө чектөө киргизди. Эми мигрант 1 айда 100 миң рубль гана которо алат"

"Орусия 20 күн мурун Кыргыз өлкөсүнө которулган акчалардын көлөмүнө чектөө киргизди, мындан ары бир адам бир айда 100 миң рубль гана которо алат", - деп бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сагындык Келдибаев билдирди.

"2018-жылы Кыргыз өлкөсүнө мигранттар тарабынан 2 миллиардга жакын доллар акча которулган. Алардын канчасы Орусиядан келди?” - деп суроо узатты депутат.

Буга премьер-министр мигранттар тарабынан которулган акчалардын 97 пайызы Орусиядан которулганын билдирди.

“Сизде маалымат бар болуш керек, 20 күн мурун Орусия Кыргыз өлкөсүнө которулган акчалардын көлөмүнө чектөө киргизген. Мындан ары бир адам бир айда 100 миң рубль гана которо алат. Мындан сырткары, алар мурда жанына 10 миң доллар салып өтө алса, учурда ал сумма 300 миң сомго кыскартылган. ЕАЭБдин мүчөсү болгонубузга карабай бул абалдын жаралып жатканы туурабы? Мындай жагдай ишкерлер жана мигранттар үчүн чоң көйгөйлөрдү жаратты. Мага Москва жана Новосибирсктен 20-30дай телефон чалуу болду”, - деди депутат.

Премьер-министр: “Мындай чечимди Орусия өзүнүн финансылык рыногун коргоо үчүн кабыл алды. 30-апрелде Арменияда Дмитрий Медведев менен жолугушуу учурунда бул маселе боюнча талкуулайбыз. Мисалы биз тараптан эч кандай чектөө жок. Ошондой эле талаптарды өнөктөштөрүбүзгө да айтабыз”, - деди.

Буга депутат: “Орусия мындай чектөөнү Кыргыз өлкөсүнө жана Кытайга карата киргизди. Бул көйгөйдү чечүү керек. Жарандар мамлекетине акча жөнөтө албай калды. Кыргыз өлкөсүнөн болсо товарларды жөнөтө албай жатышат. Биздин ишкерлер кыйналууда”, - деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан