"Супер-Инфо" жана SUPER.KG күн тартибин аныктаган ЖМКлардын сап башын ээледи. Медиа эксперт өлкөдөгү маалымат каражаттарынын өнүгүү тенденциясы тууралуу айтып берди

Медиа эксперттердин тобу 2018-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын март айына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүгүү тенденциясы боюнча изилдөө жүргүздү. Ага "Сорос" фонду каржылык колдоо көрсөттү. Медиа эксперт Гүлнура Төралиева изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

- Өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өнүгүү тенденциясын изилдөөдө эмнеге басым жасалды?

- Изилдөөдө биз ЖМКнын өнүгүшүндөгү акыркы 2 жыл аралыгында пайда болгон тенденцияларды аныктоону максат кылганбыз. Анда 4 критерийге басым жасадык. Алар:

Учурда саясат жана мыйзам ЖМКнын өнүгүшүнө кандай таасир берерин аныктоо;

Күн тартибине кайсы ЖМК жана ким таасирин тийгизерин аныктоо;

Технологиялар ЖМКга кандай таасирин тийгизип жатканын аныктоо;

ЖМКнын каржылоонун модели кантип өзгөрүп жатканын аныктоо.

Бийлик тараптан ЖМКга болгон кысым азайганын айтканыбыз менен бул тенденция туруксуз экенин белгилеп кетебиз. Батыш өлкөлөрүндө ЖМК президенттин эркинен, анын маанайынан көз каранды эмес. ЖМК эркин болушу керек. Бизде дайыма эле саясий кырдаалдан көз каранды бойдон калууда. Көпчүлүк кырдаал жакшырганын айтышты. Сурамжылоо жүргүзгөндө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкер болуп турганда ЖМКларга болгон доо арызын кайтарып алганын айтышты. Бирок бул биринчи жаман иш кылып, кийин кайра мурдагы абалына алып келип койгонго тете. Журналисттер да президенттин башкаруудагы алгачкы жылдарын "бал айына" окшоштурушту. Ал бүткөндө президенттин командасы сын-пикирге чыдамы түгөнүп, кысым жасоого өтүшөт дегендей баалашты. Көпчүлүк журналисттердин айтымында, алгачкы жылдары абал жакшырып, толкундоолор кийин башталат. Маалыматтык саясат Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тиешелүү болгону менен телекомпанияларды социалдык пакеттерге киргизүүдөн баштап, майда кадр дайындоолорго чейин президенттик аппарат менен макулдашылат.

- Күн тартибин аныктаган маалымат каражаттары, саясатчылар тууралуу да айттыңыз эле...

- Күн тартибин аныктаган ЖМКлар деп көз карандысыз маалымат каражаттарын белгиледик. Алар "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана Кактус-Медиа, 24.kg, Кloop.kg. Бул басылмалар каржылоо жагынан көз карандысыз, жарнамадан каражат табышат. Гранттар аркылуу каржылангандары да бар. "Супер-Инфо" көз карандысыз, туруктуу басылма болуп келет. Гезит да, сайты да өлкөдөгү популярдуу басылмалардын бири. Изилдөөдө ЖМКнын өнүгүүсүндөгү негативдүү фактор катары "Супер-Инфо" гезитин рейдерлик жол менен басып алууга аракетти атадык.

Гезиттердин саны кыскарып жатат. Көпчүлүк азыр маалыматты интернеттен алып калышты. Гезит чыгаруу кымбат экени белгилүү. Эгер ал чыгашаны актабаса, маалыматты жеткирүү үчүн акысыз таратышы мүмкүн. Гезит чыгаруудан пайда тапкандардан "Супер-Инфо" эле бар. Калганы онлайнга өтүп жатат. Интернетте катталбаган онлайн басылмалар пайда болууда. Журналисттери, байланышуу жолдору жок. Алар анонимдүү чыгышат. Этикалык стандарттарды сакташпай, такталбаган маалыматтарды чыгарышат. Мында аларды сотко берүү да мүмкүн болбой калат. Кызыгы жалган маалыматтарга ишенип, социалдык тармактарда аны бөлүшкөндөр көп.

Саясатчылар тарабынан каржыланган ЖМКларды туруксуз деп айтууга болот. Каржылоо боюнча мамлекеттик ЖМКларды жоюу же өзүн-өзүн каржылоого мүмкүнчүлүк түзүү боюнча пикирлер айтылууда. Бүгүнкү күндө КТРКга жылына 400 миллион сом сарпталат. Салык төлөөчүлөрдүн каражатынын эсебинен биз бийликтин ишмердүүлүгүн пропагандалоону көрүп жатабыз. Аларды көзөмөлдөө боюнча маданият министрлигинде канча адам иштейт? Мунун баары бизге керекпи? Менимче биз бул ресурстар үчүн төлөөгө милдеттүү эмеспиз. Акча табууга кызыкдар эмес мамлекеттик ЖМКлар да бар. Аларга бюджеттен акча түшөрү маалым. Көп жылдан бери өнүгүшпөйт, мотивациясы да жок.

- Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча изилдөө жүргүзүлүптүр. Маалыматтарды чагылдыруу тууралуу айтып берсеңиз.

- КТРКнын жаңылыктарын изилдөөдө 60 жаңылыктар сюжетин көрүп чыктык. Канал аймактарда ишеним көрсөткөн канал бойдон калууда. КТРК балансты сактабай, бийликти пропагандалоочу ресурс катары колдонуларына дагы бир жолу ынандык. Жаңылыктарында президент менен өкмөттүн ишин көрсөтүп, резонанстуу соттук отурумдар, ошол эле ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттук отуруму бир тараптуу чагылдырылган. Айыпталуучулардын жактоочулары же туугандарына дээрлик сөз берилген эмес. Балдарга болгон зомбулук тууралуу маалыматтар башка ЖМКларда талкуу болуп жаткан учурда КТРК чагылдырган эмес. Ошол күндөрү такыр башка жаңылыктар маанилүү болуп калган.

- Мындан ары кандай иш-аракеттер жүргүзүлүшү керек деген ойдосуз?

- Менин оюмча КТРКны көз карандысыз кылуу керек. Мыйзам кабыл алынган, бирок иштебейт. Парламенттик көзөмөлдү күчөтүү менен кандайдыр бир механизмдерди иштеп чыгуу туура. Негизинен мамлекеттик ЖМКларды реформалоону баштаган оң деп ойлойм. Албетте, азыр бийлик түп тамырынан өзгөртүү боюнча кадамдарды жасай албайт. Мисалы, Монголияда мамлекеттик ЖМКларды жоюп салышкан. Дүйнөдөгү көп өлкөдө мамлекеттик маалымат каражаттары жок. Ошентсе да бюджетти оптимизациялоо, санын кыскартуу, анализ жүргүзүү боюнча кадамдарды жасаса болот. Коомдук-саясий ишмерлер, өзгөчө жогорку кызматтагы чиновниктер ЖМКны сотко бербей, чыдамдуу болгону туура. Өз учурунда ЖМК да профессионалдуулукту көрсөтүп, этикалык стандарттарды сакташы кажет. Калк да медиа жаатында сабаттуу болуп, жалган маалыматтарга ишенбесе... Бул бир жылда бүтө турган иш эмес. Бирок жалган маалыматтарды төгүндөгөн ресурстар да пайда болгонун белгилегим келет. Калктын медиа сабаттуулугун жогорулатууга мамлекет дагы кызыкдар болушу керек.

- Социалдык тармактарда маалыматтын тарашы, YouTube`дагы каналдар тууралуу изилдөөдө кандай жыйынтыктар болду?

- Маалыматтардын көбүн аудиториясы редакциялардын социалдык тармактардагы баракчасына жазылуу аркылуу алып жатышат. ЖМКлар дагы жаңы технологиялардын эрежелерине ылайыкташып жатканы бул дүйнөлүк тенденция. Маалыматтарды жайылтуу, социалдык тармактардагы кароого жараша редакциялык саясатын жүргүзүп жаткан басылмалар да бар. Бирок бул жаман көрүнүш эмес. YouTube боюнча айтсак маалымат каражаттарынын каналдарына жазылгандардын саны боюнча алдыңкы үчилтикте Азаттык, SUPER.KG, Чубак Жалиловдун каналы келе жатат.

- Маегиңиз үчүн рахмат!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан