Биринчи вице-премьер Ысык-Көлдүн эли менен жолугушууда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан компаниянын лицензиясы кайтарылып алынганын айтты

"Юр Азия Кыргызстан" компаниясынын лицензиясы кайтарылып алынды. Бул тууралуу өлкөнүн биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал "Кызыл-Омпол" уран кенинде жүргүзүлүп жаткан иштер толугу менен токтотулганын белгиледи.

"22-апрель күнү премьер-министрдин уран кенинде "Юр Азия Кыргызстан" компаниясынын жүргүзүп жаткан ишин токтотуу боюнча атайын буйругу чыккан. Мага азыр эле аталган компаниянын лицензиясы алынганын айтышты.

Бүгүнкү күндө компаниянын кенди казып алууга эч кандай акысы жок. Мындай укукту аларга эч ким берген эмес. Буга чейин чалгындоо иштерине гана уруксат берилген. Кен казуу үчүн өзүнчө лицензия алынышы керек. Түзүлгөн мамлекеттик комиссия кендин кийинки тагдырын чечүү боюнча иш алып барат.

"Юр Азия Кыргызстан" компаниясы сөзсүз түрдө бизге доомат коёт. Анткени алар буга чейин чалгындоо иштерине 271 миллион сом короткону белгилүү болду. Мындан сырткары жергиликтүү бюджетке 13 миллион сомдон 32 миллион сомго чейин каражат төгүшкөн. Мунун баары биздин компания менен болгон мамилебизге таасири болот", - деди Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан