Ош шаарында диализ борбору ачылды

"Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында Ош шаарында жаңы диализ борборунун ачылышы болду. Бул мекеме Фрезениус Медикал Кэйр компаниясы менен өнөктөштүктө ачылган.

Клиника 11 жаңы диализ жабдуулары менен жабдылган. Диализ борборунда 11 квалификациялуу кызматкер иштейт, анын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Алардын баары кошумча окутуудан жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн.

Бул Кыргыз Республикасындагы үчүнчү диализ борбору болуп саналат. Биринчи диализдик клиника өз ишин 2018-жылдын октябрында Жалал-Абад шаарында баштаган. Февралда Бишкек шаарында экинчиси ачылган, ал ачылышы пландаштырылган 4 диализ борборунун эң ириси. Быйылкы жылы Бишкек шаарында төртүнчү диализдик клиниканын ачылышы күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
1Adilet1
2019-04-27 13:39:02
Абдан жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан