"Манас" аэропортунда 27-апрелде Бишкек - Москва рейси аркылуу жасалма паспорт менен учууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1988-жылы туулган Х.А. аттуу Тажикстандын жараны Кыргыз жараны катары паспортун көрсөткөн. Көзөмөл өткөрүү учурунда күмөн саноолордон улам текшерүү жүрүп, анын паспорту жасалма экени аныкталган. Факты боюнча материалдар чогултулуп, УКМКнын аймактык бөлүмүнө тапшырылды.