"Франция сулуусу-2017" сынагынын катышуучусу велосипед тээп бара жатып, трактордун алдына кирип кетип каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя Вошет шаарынын Луар аймагында орун алган. Анда 22 жаштагы Морган Роллан досу менен велосипед тээп сейилдөөгө чыккан. Ал учурда жолдон унаа чыга калып, кыз андан буйтап өтөм деген ойдо каршылаш тилкеге чыккан. Бирок ажалдан качууга аракеттенген кыз трактордун алдында калып калган. Жабырлануучу кыз ооруканага баратып жолдон каза болгон.