Кытайдын жараны төрөттөн кийин 40 килограммга ашыкча семирип кеткен аялын таштап кетти. Маалыматты Daily Mail басылмасы жазды.
Лю Яцзюань аттуу айым тун наристесин төрөгөнгө чейин арык чырай, 50 килограмм салмакта гана болгонун жазат басылма.
"Мен дайыма жакшынакай келбетим менен айланадагылардын көңүлүн бурдуруп турчумун", дейт Лю Яцзюань. Төрөттөн кийин толуп кеткен келиндин жолдошу ажырашууга арыз берген. Күйөөсү ага "Сен арык кезде баары жакшы болчу. Мен азыр сени семирип кеткен абалда кабыл ала албай жатам", - деген.
Келиндин толуп кетүүсү ажырашууга гана эмес, анын ден соолугунун начарлашына да алып келген. Анын бөйрөк майы чоңоюп кетип, дененин ткандарына май топтолуусун шарттап калган.
Ашыкча салмактан жабыркаган Лю Яцзюань жергиликтүү телеканалдардын биринде уюштурулган Living it Up аттуу реалити-шоуго катышкан. Аталган шоунун катышуучулары эгер арыктаса, аягында акчалай сыйлыкка ээ болот.
Жолдошу таштап кеткен келиндин окуясы телешоу аркылуу коомчулукка белгилүү болуп, ажырашып кеткен күйөөсүнө интернет колдонуучулар негативдүү комментарийлерди көп жазышкан. Арасынан "Сенин аялың сага бала төрөп берем, сенин тукумуңду улайм деп жатып толуп кеткенин түшүнгөн эмессиңби?" ,"Азыр эмне аялдын бактысы сырткы келбетинен гана көз каранды болуп калды беле?" деген комментарийлерди окууга болот.