21-апрель күнү Орусиянын Биринчи каналынан Максим Галкиндин «Баарынан мыкты» («Лучше всех») шоу берүүсүндө 10 жаштагы Мухаммад Хасанахунов турникте асылган абалда 32 килограммдык гиряны моюнуна көтөрүп, эки машинанын ортосунда шпагат отуруп, моюну, буту менен турникке асылып көрүүчүлөрдү таң калтырды. Кара-Суу районундагы Таширов айылынан чыккан бул жылдызды айылдаштары Али Ван Дамм деп атап алышкан.
“Мектептегилер баары мени билишет. 5-6-класстар арасында атаманмын. Бирок атам "балдар менен мушташпа, сен келечекте спортчу болом десең, өзүңдү колго алганды үйрөн, оор басырыктуу бол" дейт. Ошондуктан балдар менен урушпаганга аракет кылам”, - дейт Али.
Али Ван Даммдын маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№861, 2-май, 2019-жыл) окуй аласыз.