"Мой О!" тиркемесиндеги "О!Деньги" капчыгы ыңгайлуу жана функционалдуураак болуп калды. Эми колдонуучулар капчыкка Visa жана MasterCard карталары гана эмес, "Элкарт" картасын дагы кошуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. "О!Деньги" капчыгын "Элкарт" төлөм тутуму менен интеграциялоо накталай эмес төлөмдүн мүмкүнчүлүгүн бир кыйла кеңейтет жана өз смартфонуңдан дароо карта менен төлөмдөрдү жургүзүүгө шарт түзөт.
"О!Деньги" капчыгы аркылуу банктык карталарды колдонуунун 6 артыкчылыгы:
Тиркеме тууралуу:
"Мой О!" (http://o.kg/l/myo) — бул чыгымдарды көзөмөлдөөгө, тарифти тандоого, Гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыгын кароого, ошондой эле ыңгайлуу "О!Деньги" капчыгы аркылуу интернетти, коммуналдык кызматтарды, онлайн-оюндарды, ЖКК айып пулдарын жана 300дөн ашуун сервистерди төлөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү функционалдык мобилдик тиркеме болуп саналат.
"О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧКсы тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт.
КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.