Ысык-Көл облусунун жол кыймылынын инспектору катуу ылдамдыкта бара жатканы видеого түшүп, социалдык тармакта талкууга алынган кызматкер жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Буга чейин жол эрежесин бузуп айдап бараткан инспектордун видеосу тараган. Анда инспектор жол эрежени бузуп айдап баратканын тарткан айдоочуга "аксакал башым менен кечирим сурайм, видеого тартпай эле кой, тааныш бололу" дегенин көрүүгө болот. Видеого тарткан айдоочу, ал жол чырактын кызылы күйсө дагы токтобой жана катуу ылдамдыкта бара жатканын айткан.
Бул факты боюнча кызматтык иликтөө аяктаганын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. "Ал кызматкер тартип уставын, жол эрежесин жана кесиптик этиканы бузган. Мындан улам Ысык-Көл жол кыймылынын инспектору Ш.Н. кызматтан бошотулду", - деп жазат маалыматта.