super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: Сөөк коюу каадасында бийлеп жатышып, табытты өлүк менен кошо кулатып жиберишти

 

"Медиа-порталдын" "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө "Сөөк коюу каадасында бийлеп жатышып, табытты сөөгү менен кошо кулатып жиберишти" аталышындагы видео жүктөлдү (ник: bema55).

Анда чатырдын ичинен табытка салынган адамдын жансыз денесин 4 адам көтөрүп чыгып, табытты ийинине коюп алып бийлеп баштаганын көрүүгө болот. Синхрондук бий аткарып басып бара жаткан адамдар токтоп, табытты колу менен кармабастан бир учурда ордунан айланууга аракет кылышат. Натыйжада тең салмаксыздык жаралып, табыт жерге кулап, ичиндеги адамдын өлүгү, ага жабылган чүпүрөк жана башка жыпар жыт берүүчү каражаттар чачылып калганын көрүүгө болот. Видеону тартып алгандар социалдык тармакка чыгарып жиберишкен. Окуя Африкадагы Гана өлкөсүндө болгону айтылат.

Гана - Африкадагы анча чоң эмес өлкө. Бул жакта сөөк коюу каадасы таң калычтуу салттар менен коштолот. Бир нече жылдардан бери Ганада каза болгон адамга өзгөчө формадагы жана кооздуктагы табыттарды жасоо салты уланып келет. Маркум тирүүсүндө эмне менен алектенсе, кыялданса же жактырса ошол нерсенин символун чагылдырган табыт жасалат. Мисалы, фотограф каза болсо, ага фотоаппараттын, фермер каза болсо сүйүктүү жаныбарынын, ал эми өмүрүнүн аягына чейин чылым чеккен адам болсо тамекинин формасында, айтор ботинка, туфли, жылан, ажыдаар жана башка маркум менен байланыштуу эмне болсо ошондой формадагы табыт жасатышат. Айрым таң калычтуу табыттардын ичинде сөөк кандайынан жатканы да кызык болгон учурлар кездешет. Табыт жасатуу абдан кымбат. Орто киреше менен жашаган ганалыктын жакыны өлсө, ага буюртма берүү үчүн жылдап иштеп акысын төлөөгө туура келет.

Мындан тышкары Ганада сөөк коюу зыйнаты катуу жаңырган музыка жана бийлердин коштоосунда өтөт. Сөөк салынган табытты көтөрүп алып бийлөө дагы көп аткарылган салттардын бири.



Сөөк коюу каадасында бийлеп жатышып, табытты сөөгү менен кошо кулатып ийишти

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
08.05.2019. 11:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
244
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
24-05-2019 02:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Татарстан
+12
Жарды элде салт санаа коп болот. Коңшу орус олду эле, жакын туугандары келди уйуно он чакты адамдай, калгандары коңшу колондор эшикте эле коштошуп коюшту, бутту. Кафеге барышып поминка кылышат он миндин тегерегинде бутту.
08.05.2019. 15:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
23-05-2019 15:48
Жынысы:
Белгисиз
+15
Bazana,биздикиндей кылып көп мал союп, элдин баарына той берип жаткансып эт тартып өлүктү узатканды туура көрбөйм. Той менен өлгөнүн, азатарткандын айырмасы болуш керек да.
08.05.2019. 12:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
251
Катталган:
12-03-2014
Соӊку аракети:
24-05-2019 12:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой жиндилер салтынар мн куруп калгыла.Тоголотуп ийишип эле журушот ко шашпай.
08.05.2019. 13:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
03-01-2018
Соӊку аракети:
23-05-2019 23:11
Жынысы:
Белгисиз
-2
кыз жандуу эркектер олсо кандай табыт жасашат экен
08.05.2019. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1791
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
24-05-2019 16:21
Жынысы:
Белгисиз
+6
kazakov1991,жасатайын дедин беле?
08.05.2019. 14:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
20-05-2019 14:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайча айтканда олук той экенда тообо..
08.05.2019. 14:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
24-05-2019 15:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Видеонун баш жагындагы пакеттерди коруп биздикине окшотуп койдум
10.05.2019. 10:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
19-05-2019 12:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан айтышат да "каадасы коптун карызы коп", салты коптун санаасы коп деп. Карангы элдер гана кааданы коп сакташат. А башкалар эбак заман талабы менен журуп алдыга кетип калышкан. Карангылар гана каадасын карманган боюнча турушат кадам жылбай...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126804;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: