super.kg logo

Кеминде көзү ачыктык жол менен 79 жаштагы аялдын акчаларын алып, белгисиз тарапка кеткен шектүүлөр кармалды

 

Чүй облусунун Кемин районунда алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 79 жаштагы М.А. аттуу аял арыз менен кайрылган. Арызда эки аял көзү ачыктык жол менен анын ишенимине кирип, 42 миң сом жана 150 евро акчасын алып, белгисиз тарапка кетип калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204-берене "алдамчылык" боюнча иш козголгон.

Ыкчам-тергөө тобу бул окуяга шектүү катары 44 жаштагы К.Д. жана 58 жаштагы К.Ф. аттуу Токмок шаарынын тургундарын кармашкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда Кемин РИИБинин кызматкерлери шектүү аялдар ушул сыяктуу дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экенин текшерип жатат.

Эгерде кимде-ким сүрөттөгү аялдардан жабыркаса, Чүй ОИИББине төмөндөгү телефон номерлери аркылуу байланышып коюну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0702 54-32-27, 0702 51-98-06, 0703 73-73-23.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.05.2019. 00:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
398
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай лолулорго мен дагы мындан 7-8 мурун алдангам. Кантип башын айланып алданганыны билбей калат экенсин. 7000сом акча эки алтын шакек бир алтын сойко 2500сомго алган духи баарын кантип алып кеткенин билбей калгам,бир заматта коздон кайым болуп таппай калгам. Жолдошум уйдо эч ким жокто мындайларды дарбазадан киргизбе эгер сени олтуруп кетишсе ким билет эле деп кейиген. Чыгаша ушу менен кетсин деп.Жараткан озу кечирсин ал кезде динден тушунугум жок эле. Силерге коз тийиптир ошону чыгарам деп
Nurkyz1977 түзөттү 2019-05-09 00:43:04
09.05.2019. 00:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
398
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
05-09-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойду тоону суйлоп алдаган экен азыр ойлосом. Экинчи аял ошол лолуго окшош экен. Бетин жаппай ачык корсотсонор болмок экен. Бир жолу эки жаш кызды ачык корсотуп жарыя кылдынар эле. Алдангандар жакшылап тааныш учун толук жузун корсоткуло да.
Nurkyz1977 түзөттү 2019-05-09 00:46:49
09.05.2019. 00:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
17-10-2019 16:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+3
Сүрөттогу аялдардан жабыркаган болсо леп, бирок толук корсотпопсунор ачыгын көрсөтүү керек болчу супер инфо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132491;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: