Мьянманын Янгон шаарында жүргүнчү ташыган учак жарылып кетти. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, учак Бангладештин "Biman" авиакомпаниясына таандык болгон.
Азырынча учакта канча жүргүнчү болгону, анын ичинен канча адам жаракат алганы боюнча маалыматтар жок. Бирок "Biman" авиакомпаниясынын өкүлү Шакил Мераж учакта 28 жүргүнчү болгонун айтууда. Ал эми учак аба ырайынын бузулушунан улам конуу тилкесинен чыгып кеткенин билдирди.
Айрым маалымат булактары кырсыктан 15 киши денесинен ар түрдүү жаракаттарды алып, Янгон аймагындагы ооруканага жеткирилгенин жазып чыгышты.