Мунай базадан чыккан өрттү өчүрүүгө Оштон кошумча күч тартылып, көбүк алынып келди

Жалал-Абадда мунай базада чыккан өрт боюнча министр Нурболот Мирзахметовдун буйругу менен Ош облусунан кошумча күч тартылып, көбүк ташылып келди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм, 2 автошаты тартылган.

Жеринде ӨКМнын ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан 1 бригада, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада иштеп жатат. Ошондой эле ИИМдин кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропортунан 2 өрт өчүрүүчү унаа жана Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Нефти Газ ишканасы дагы өрттү өчүрүүгө жардамдашууда. Мындан тышкары болжол менен 2 миңге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган. Учурда өрт чектөөгө алына элек.

Айта кетсек бүгүн, 10-майда саат 10:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында өрт чыккан. Өрт өчүрүү учурунда эки кызматкер жабыркап, биринин денесинин 50 пайызы, дагы биринин бети күйгөн. Учурдп алар ооруканада.

Алдын ала маалыматтар боюнча күйүп жаткан мунай базасы - "Томас и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. Аталган компаниянын директору Жоомарт Токомбай уулу, ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү Казыбек Ташиев жана Замирбек Жылчымышев экени айтылууда.


Жалал-Абаддагы өрт (бийиктиктен тартылган видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2019-05-10 17:40:31
Озу Петрофак заводу куйуп жатабы же Томаспы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан