super.kg logo

Жалал-Абадда оор абалда ооруканада жаткан 2 жашар кыздын ишин акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды

 

Жалал-Абадда оор абалда ооруканага алынып келген 2 жашар кыздын абалын акыйкатчы Токон Мамытов өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул факт Сузак РИИБинде “кокустук” катары катталган. Акыйкатчы буга таптакыр макул эмес. Ал бул окуяны үй-бүлөлүк зомбулук катары каттатууну айтып, жабыркаган кыздын туугандарын ага жолотпоо керектигин билдирди. Анткени кыздын таятасы менен таенеси небереси бир жума мурда жыгылганын, оорусу козголгондо “Тез жардам” чакырышканын айтышкан.

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө видеоматериал бар. Анда таенеси кызды шымына сийбе деп 1-2 жолу урганын жана чымчыганын айткан. Акыйкатчы видеоматериал менен таанышкандан кийин, окуяны зомбулук катары баалоого болот деп эсептеген.

Учурда окуя боюнча облустук прокуратурага "көңүл буруу" актысы жолдонду. Акыйкатчынын тапшырмасы боюнча жабыркаган кыздын апасын Кыргыз өлкөсүнө чакыртуу багытында да иштер жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Учурда кыздын абалы оор бойдон экенин облустук балдар дарыгери билдирген. Ал эми Жалал-Абад ОИИБи окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, экспертиза дайындалганын айткан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.05.2019. 01:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
03-08-2013
Соӊку аракети:
24-05-2019 14:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шыфаасын берсин Аллах,озуно келип калсын, эртерээк, ким урса да колу сынсын.
11.05.2019. 03:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
07-03-2013
Соӊку аракети:
14-05-2019 06:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым, ушул кызга шыпаа бер. Куноосуз кичинекей периштени урган ушул абалга келтиргендердин жазаасын озун бер.
11.05.2019. 09:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
01-08-2012
Соӊку аракети:
24-05-2019 14:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+2
колу сынсын урган адамдын, бечара кыз журогум ооруп атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126804;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: