super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: Камчыбек Ташиев өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылыгын билдирди

 

"ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө саясатчы Камчыбек Ташиевдин Жалал-Абаддагы мунай базадан чыккан өрттү өчүрүүгө катышкандарга ыраазычылык билдирип жаткан видеосу жүктөлдү.

Анда Ташиев өрт өчүрүүчүлөргө: "Баарыбыз бир муштумдай болуп чогулганыбызга ыраазычылыгымды билдирем. Жетекчиңерди уят кылбастан, аларды артка тартпастан ушул жерде ар бириңердин чуркаганыңарды көрдүм. Силерге ыраазычылыгымды билдирем, дагы бир жолу рахмат! Үй-бүлөңөргө, силерди тарбиялаган ата-энеңерге, жетекчиңерге дагы рахмат айтам! Ар бириңер элге, мамлекетке кызмат кылсаңар келечегиңер болот. Кудай буюрса, силердин араңардан да жетекчилер, министрлер, мага окшогон генералдар чыксын! Ушул жерге Ош, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Сузак, Ноокенден келдиңер. Орозо кармаганыңарга карабай, чуркап иштеп жатканыңарды көрүп кыжаалат болдум. Орозо айы бүткөнчө силер менен ооз ачар уюштурам", - деди.

Бүгүн, 10-майда саат 10:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү учурунда бир жарандын денесинин 50 пайызы күйгөн. Учурда ал ооруканада. Ал эми өрт өчүрүү кызматкеринин бети күйүп, ал ооруканага жаткан эмес.

Өрт саат 17:25те чектөөгө алынган. Учурда өрттү өчүрүү иштери улантылууда.



Камчыбек Ташиев өрт өчүрүүчүлөргө рахматын айтты

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
10.05.2019. 22:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
24-05-2019 10:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+4
Молодец ишкерлерге дем берген
10.05.2019. 23:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
16-06-2016
Соӊку аракети:
24-05-2019 16:23
Жынысы:
Белгисиз
-3
Орозо айында садака берсе мындай иштер болбойт. Садака келе турган бөөдө кырсыктан сактайт.
10.05.2019. 23:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
24-05-2019 00:37
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тащиевдин бир тууган браты бул жерде начальник да ошон учун!
11.05.2019. 12:59 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
22-05-2019 20:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
FC-Abdish-ata,Мунай база бүтүндөй ушунуку болсо керек
Медиа-портал
11.05.2019. 00:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
06-12-2015
Соӊку аракети:
24-05-2019 10:35
Жынысы:
Белгисиз
-2
Конечно рахматынды айтасын да,себеби бизнес булагынды сактап калышса
11.05.2019. 04:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
24-05-2019 14:59
Жынысы:
Белгисиз
+9
Камчыбек Ташиев Аллага шугур колунузда бар мумкун болсо сузака районго 1 пожарный спец машина шаарга 1 пожарный спец машина алып берсениз ото сооп иш кылган болот элениз. Балким окуп калсаныз алып береерсиз деген умуттомун.
11.05.2019. 08:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
24-05-2019 13:25
Жынысы:
Белгисиз
0
munar1980,туура ойду айттынар,биздеги орт очуруучу машиналардын абалы конул жылытаарлык эмес,Ошо машина жетишпеген учун да жакын жердеги орт очуруучулор чакырылса керек
11.05.2019. 12:03 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2019
Соӊку аракети:
11-05-2019 12:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Saidochka, куйгон база Камчыныкы болсо, рахматты ал айтпаганда мен айтмак белем?!!

Кызык элдер дагы, как будто Ташиев башка бироонун бизнесин орттон сактап калуу учун буту куйгон тооктой чуркап, аягында рахмат айтып жаткансып, аны мактап видео жуктопсунор... Уят да уят...

Аты эле айтып турат го, куйгон нефтебаза Томас ишканасына караштуу болгон деп. Ишкананын ээси катары агасын каттатып коюптур.
11.05.2019. 10:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
17-07-2013
Соӊку аракети:
21-05-2019 00:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-3
Ошондо бугун Камчыкеникине ооз ачаргабы,ыя?
11.05.2019. 21:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
09-02-2016
Соӊку аракети:
24-05-2019 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ Аллах ушундай боодо кырсыктан сакта деп бироонун олумун тилегиче озунордун омурунорду тилесенер орозо кунундо. Жазып койгон экен куйуп кетти. Бир Алла билет эртен эмне болоорун.
12.05.2019. 01:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
325
Катталган:
06-08-2015
Соӊку аракети:
24-05-2019 14:38
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооруканадагы адамга жардам берер бекен эми Камчыке.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126804;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: