super.kg logo

Таласта 3 жарым ай мурун дайынсыз жоголгон алтын кен ишканасынын кызматкеринин жансыз денеси табылды

 

Таласта 3 жарым ай мурун дайынсыз жоголгон алтын кен ишканасынын кызматкери Рамис Төтөновдун жансыз денеси табылды. Маалыматты Талас ОИИБинин басма сөз кызматы ырастады.

Белгилүү болгондой Шыралжын кенинен 14 чакырым алыстыкта жансыз дене табылганы тууралуу мал жайып жүргөн жаран кабарлаган.

"Белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин кызматкерлер ошол жерге барышкан. Ал алтын кен ишканасынын кызматкери экенин туугандары тастыкташты. Денесинде атайылап өлтүрүүнүн белгилери табылган жок. Жеңил кийинген экен, үйгө жөө кайтканда тоңуп калган болушу мүмкүн. Өлүмүнө эмне себеп болгону соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот", - деп билдирди Талас ОИИБинин басма сөз катчысы Динара Сарногоева.

Рамис Төтөнов ушул жылдын 31-январында жумушка кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал Шыралжын кенинде бригадир болуп 2 жарым жыл иштегени айтылган. Анын жакындары кенди жабуу талабы менен нааразылык акциясына да чыгышкан. Маркумдун артында эки баласы калды.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(1)
13.05.2019. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1384
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
24-05-2019 15:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон эле адам кыштын куну женил кийинип талаада олбойт болуш керек.31-январда жоголгон болсо денесинде кандай жаракат бар экенин кантип билмек эленер,соогу эле калса керек.Ишти баш оорутпай жаап салалы деген го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126804;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: