"Кумтөрдүн" 2019-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

Centerra Gold Inc. ("Центерра") жана "Кумтөр Голд Компани" ("Кумтөр") 2018-жылдын биринчи чейректеги өндүрүшүн жыйынтыктады. КГК үч айда 150 309 унция1 же 4 675,10 килограмм алтын өндүрүлүп, 1,51 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөр которулган.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2019-жылдын биринчи чейрегинде Кумтөрдө 2018-жылдын ошол эле мезгилиндеги 100 220 унцияга салыштырмалуу 150 308 унция алтын өндүрүлдү. Өндүрүштүн өсүшү кайра иштетүүгө бай руда алынганына жана мында 2018-жылы №18 участоктон топтолгон рудадан металлды ылгап алуунун пайызы жогорулашына байланыштуу. Ал эми 2018-жылдын биринчи чейрегинде №17 участоктон жардыраак руда иштетилип, ылгап алуу пайызы да төмөнүрөөк болгон. 2019-жылдын биринчи чейрегинде фабрикага курамы 3,73 г/т алтын руда берилип, ылгап алуу 82,0 пайызга жетти. Ал эми 2018-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүчтөр 2,58 г/т жана 72,2 пайызды түзгөн.

Алтынды сатып өткөрүү көлөмү 2019-жылдын биринчи чейрегинде 150 267 унция же 4 673,83 килограммды түзүп, сатып өткөрүүдөгү жалпы киреше 195,0 АКШ долларын2 түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Кыргыз Республиксынын казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2018-жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,51 миллиард сомдон ашты.

2019-жылга прогноз

"Кумтөр" кенинде алтын өндүрүүнүн көлөмү 535-565 миң унция түзүүгө тийиш, мында алтын өндүрүүнүн жалпы жылдык көлөмүнүн 28 пайызы 2019-жылдын төртүнчү чейрегинде өндүрүлмөкчү.

"Кумтөр" кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2019-жылдын 31-майына чейин Кумтөрдө жалпысынан 12,2 миллион унция алтын өндүрүлгөн.

"Кумтөр Голд Компани" бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу "Кумтөр" долбоорунун оператору.

"Центерра Голд" - Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү канадалык компания. "Центерранын" эки негизги активи - Кыргыз Республикасында "Кумтөр" алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы "Маунт Миллиган" алтын жана жез кени бар. Ошондой эле Түркияда "Оксут Голд" кенинде кен ишкана курууда. "Центерра Голд" "Центерра" акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы "Кыргызалтын" ААКсы аркылуу "Центерра" акцияларынын эң ири үлүшүнүн - 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2019-жыл, 13-майга карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 430 миллион доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында www.sedar.com жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан