super.kg logo

Ысык-Көлдө мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан Атамбаевдин жан сакчысын колдоо боюнча тынч чогулуш өтөт

 

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында 16-май күнү мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан Дамир Мусакеевди колдоо боюнча тынч чогулуш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири билдирди.

Маалыматка ылайык, тынч чогулуш саат 12:00дөн 15:00гө чейин уланмакчы.

"Учурда кылмыш иши ачылып, мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан Дамир Мусакеевди колдоодон сырткары, чогулуштун алкагында Тоң районундагы жолдордун абалы жана Кара-Ой айылындагы жер тилкелерин трансформациялоо маселеси да көтөрүлмөкчү. Тынч чогулушка 600гө жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө", - дейт уюштуруучулардын бири.

Окуянын чоо-жайы:

8-майда Башкы прокуратура Мусакеевге "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпталган. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.

Кийин Мусакеев эгер анда Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыккан. Буга чейин февраль айында Атамбаевдин жан сакчысына карата "кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шектелүүдө. Ал эми өткөн аптада Мусакеев журналисттерге 20 миллион сомдук делген үйлөрүн 4,5 сааттын ичинде көрсөтүп бүткөн. Анда ал Башкы прокуратура көрсөткөн мүлктөрдүн айрымдары ага жана жакындарына тиешелүү эмес экенин айткан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126804;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: