Эсептөө палатасы: "Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштерине керектүү каражаттардын баасы жогорулатылып көрсөтүлгөн"

Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасы капиталдык курулуш иштерине 2017-жылы жумшалган республикалык бюджетке аудит жүргүздү. Анда Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иштеринде да курулуш каражаттары ашыкча баа менен көрсөтүлгөндүгү аныкталганын Эсептөө палатасынан маалымдашты.

"Музейдин имаратын долбоорлоо жана капиталдык оңдоп-түзөө үчүн подрядчиктер жумуштун көлөмү, аткаруу мөөнөтү, долбоорлук-сметалык документациясы аныктала электе тандалып алынган. 562 миң 600 еврого Музейдин концепциясына дал келбеген жабдыктар коюлган. Башка жактан алып келинген материалдардын баасы өлкөдөгү рыноктогу ошого окшош эле материалдардын баасынан 3 миллион 800 миң сомго жогору болгон. Иштин кабыл алынган актысы боюнча бааны жогорулатып көрсөтүүнүн суммасы 68 миллион 900 миң сомду түздү.

Мамлекеттик тарых музейиндеги капиталдык оңдоп-түзөө иштери, Баткен облусундагы мектептердин биринин курулушу жана Мамлекеттик курулуш ишканасынын бир бөлүмүнө козголгон кылмыш иштеринин алкагында аудиттин материалдары укук коргоо органдарына жиберилди", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Тарых музейи 2016-жылы жабылып, реконструкциялоо башталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы керек эле. Бирок жасалуучу жумуштар соңуна чыкпагандыгына байланыштуу музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Башкы прокуратура 2018-жылы 26-декабрда тараткан маалыматына ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында музейди оңдоп-түзөө иштеринде 118 миллион 215 миң сом акча мыйзамсыз колдонулганы аныкталган. Музейдин айланасында каржылык мыйзам бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу бир нече кылмыш иштери козголгонун Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов парламент жыйынында билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sahka
2019-05-14 16:03:47
Каап ошондойбу экен. Вай вай ваай. Ажжаап болуптур. Рас болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан